• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Торугарт айланма жолундагы кырсыктан жаш бала каза болуп, төртөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Бишкек-Торугарт айланма жолундагы кырсыктан бир жаш бала каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, Ысык-Ата районунда 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында “Mazda 626” жана “Seat” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен бир жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 34, 27, 35 жаштагы эркек киши жана 60 жаштагы аял киши жабыркаган.

"ӨКМдин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин баланын сөөгүн тез жардам кызматы алып кеткен. Ал эми жабыркагандарды куткаруучулар унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий