• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 20-октябрында Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 11:00дөн тартып, 15-00гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ысык-Көл тарапка баруучу автоунаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий