• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун 117-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлүп, жол жабылат

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун 117-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жардыруу иштер жүргүзүлмөкчү, жардыруу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат.

"Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы ашкармалыгы тарабынан саат 8-00дөн тартып, 22-00гө чейин автоунаа жолу толугу менен жабылат. Ыссык-Көл тарапка баруучу автоунаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий