• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек – Торугарт трассасында эки унаа кагышып, жеринде эки жүргүнчү көз жумду

Кырсык 0


Бишкек 14.01.21. /Кабар/. Бишкек - Торугарт унаа жолунун 73-чакырымында «Мерседес» үлгүсүндөгү эки унаа кагышты. Кырсык бүгүн, 14-январда болжол менен саат 13:00дө катталган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан «Кабар» агенттигине кабарлашкандай, алдын ала маалыматка ылайык, эки жүргүнчү алган жарааттан улам окуя болгон жерде көз жумду. Бир адам ооруканага жаткырылган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий