• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Торугарт унаа жолунда 21 жаштагы айдоочу жөө адамды өлтүрө коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунда Lexus үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды өлтүрө коюп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун болжол менен саат 22:30дар чамасында унаа жолдун 15-чакырымындагы Алга айылынын жанында Lexus RX300 унаасынын 21 жаштагы айдоочусу 35-40 жаштагы эркек кишини сүзүп кеткен.

"Эркек киши жолдун ортосунда бара жаткан. Алган жарааттан улам жеринде каза болгон. Азырынча өздүгү тактала элек, Канттагы моргго алып кетишти. Учурда иликтөө иштери менен Ысык-Ата райондук ИИБси алектенүүдө", - деп кабарлашты милициядан.

Маалым болгондой, айдоочу кырсык болгондон кийин качып кеткен эмес. Унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий