• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу 18 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп качып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда айдоочу 18 жаштагы баланы сүзүп кетип, кийинчерээк ал алган жаракаттан улам каза болгон. Бул тууралуу Чүй облусунун автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда саат 02:20дөр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 33-чакырымында “Красная речка” айылынын жанында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу баланы сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Унаа сүзүп кеткен жаран унаасы бузулуп, аны түртүп бара жаткан.

Кырсыктан жабыркаган 18 жаштагы бала ооруканага жетпей каза болгон.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Кегети айылынын 2000-жылы туулган С.Б аттуу жараны болгон.

4-декабрда милиция кызматкерлери “Мерседес-Бенц Е320” үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочуну табышкан. Милиция кызматкерлерине айдоочуну табууга кагылышуу болгондо унаадан түшүп калган туманга каршы фара жардам берген.

Айдоочу 1955-жылы туулган Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылынын О.А. аттуу тургуну экени аныкталган.

Учурда баардык материалдар Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий