• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Торугарт жолунда баланы сүзүп кеткен адам – милиция бөлүмүнүн башчысы

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Бишкек-Торугарт жолунда каза болгон 18 жаштагы баланы койдуруп кеткен адам Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы О.М. болуп чыккан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 3-декабрында болжол менен саат 02:20лар чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 33-чакырымында “Красная речка” айылынын жанында Мерседес үлгүсүндөгү унаа кишини сүзүп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Унаа сүзүп кеткен жаран унаасы бузулуп, аны түртүп бара жаткан.

Жаракаттарынан улам ал Кант шаарынын ооруканасына жетпей каза болгон.

Ошол эле күнү катталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

“Алдын ала маалыматтар боюнча ал баланы Ысык-Ата районунун 63 жаштагы тургуну сүзүп кеткени айтылган. Бирок качып кеткен айдоочу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери болушу мүмкүн деген маалыматтар да болгон. Аныкталгандай, унааны улгайдан адам эмес, жаш жигит башкарган”, - деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы О.М. кармалган. Ал өз күнөөсүн мойнуна алган.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий