• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Торугарт унаа жолунда транспорт кыймылы үчүн чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 28.09.18 /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунда жардыруу иштерине байланыштуу транспорт кыймылы үчүн чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасынан билдиришти.

Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 28-сентябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115 чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Унаа транспорту үчүн кыймыл Биишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымынан 116-чакырымына чейин саат 11:00дөн 15:00гө чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат..

Ысык-Көл тарапка бара жаткан унаалардын жүрүшү айланма жол аркылуу ишке ашат.

Алдын ала жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.

Пикир

Оставить комментарий