• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, дагы экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 03.10.17. /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, дагы экөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-октябрда болжол менен саат 14:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 5-чакырымында чыгыштан-батышты көздөй келе жаткан “Портер” үлгүсүндөгү унаа батыштан-чыгышты көздөй бара жаткан “Субара-универсал” унаасы менен кагылыша кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы эки адам жабыркаган.
Окуя болгон жерде КР ӨКМнин куткаруучулары иш алып барышкан.

Пикир

Оставить комментарий