• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Торугарт жолунда унаа жылкыны сүзүп, 19 жаштагы кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бишкек-Торугарт жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) 23-ноябрь күнү саат 22:10до "Нексия" унаасынын айдоочусу жылкыны сүзүп, жолдон чыгып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан 19 жаштагы кыз каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий