• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 22 жаштагы бала каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бишкек -Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 22 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 06:12 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 49-чакырымында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 22 жаштагы бала каза болгон.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий