• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Торугарт унаа жолу жардыруу иштерине байланыштуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.07.18 /Кабар/. Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында эртең, 31-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлүп, жол жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан саат 08:00дөн тартып 22:00гө чейин унаа жолу толугу менен жабылат.

Ысык-Көл тарапка баруучу автоунаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. "Кыргыз темир жолу" жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий