• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Торугарт жолунда Audi S4 унаасы оодарылып, 7 адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 180-чакырымында бүгүн Audi S4 үлгүсүндөгү унаасы оодарылып, 7 адам жабыркаган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык Сары-Чат тилкесинде болгон.

Кырсыктан 7 адам жабыркаган. Жерине келген куткаруучулар кишилерди унаадан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жабыркагандардын бардыгы ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий