• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек – Торугарт жолунда Honda Fit унаасы оодарылып кетип, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.21. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган Э. И. аттуу эркек адам каза болгон.

Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий