• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек – Торугарт жолунда Sprinter тосмону сүзүп, айдоочусу мерт кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 22-декабрда болжол менен саат 07:30дар чамасында Бишкек – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter унаасы кырсыкка кабылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 48 жаштагы В.С.С. аттуу айдоочу Sprinter унаасында катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун оң жагындагы тосмону сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 51 жаштагы В.М.Н. аттуу жүргүнчүсү Кемин шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий