• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Торугарт жолунда унаа кырсыктап, 7 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Кочкор районунда 14-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) Honda-Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаадагы жалпы 7 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алып, Кочкор райондук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

Жерине куткаруучулар тартылып, унааны коопсуздандырып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий