• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташуучу унаа токтоп турган спринтерди сүзгөн

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Бишкек-Торугарт жолунун 69-чакырымында күн мурун саат 03:00дөр чамасында жол кырсыгы катталды.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, шаарды көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаа жол четинде токтоп турган "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынан спринтер капталына кулап калган.

Кырсыктан маршрутканын айдоочусу жабыркаган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий