• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Торугарт жолундагы “Коопсуз шаардын” камерасын аткылап кетишти

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Бишкек-Торугарт трассасындагы “Коопсуз шаардын” камерасын белгисиз бирөөлөр аткылап кетишкен. Учурда аларды аныктоо максатында Чүй облусунун милициясы ыкчам-тергөө иштеринин комплексин жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде болжол менен саат 11:50дө Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө аталган унаа жолдо карагайда орнотулган камералардын бири талкалангандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жеринде ыкчам-тергөө иштери жүрүп, камера эки-үч күн мурун белгисиз адамдар тарабынан курал менен аткыланып, иштен чыккандыгы аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки тергөө башталган.

Ысык-Ата райондук ИИБ тарабынан ал адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

“Чүй облустук милиция башкармалыгынын жетекчилиги бул ишти өз көзөмөлүнө алган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий