• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек – Торугарт жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бишкек – Торугарт автоунаа жолунун 44-чакырымында болжол менен саат 15:00дө «Фольксваген Пассат» жана «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

«Кабар» маалымат агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, жеңил унаанын айдоочусу Токмок шаары тарапка бараткан, ал эми спринтердин айдоочусу Бишкек шаарына.

Кырсыктан «Фольксваген Пассат» унаасынын айдоочусу жеринде каза болгон.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий