• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек – Торугарт жолундагы кырсыктан каза болгондордун саны 6 адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кечээ, 22-июлда саат 21:20лар чамасында Бишкек – Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында Mitsubishi Pajero менен Honda Stepwgn унаалары кагышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын абалдары оор экендиги айтылат.

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын сөөгүн жана жабыркаганды унаадан чыгарышып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан 6 адам каза болгон: “Хонда Степвагон” унаасынын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү, кийин ооруканада дагы эки жүргүнчү көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий