• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек травматология жана ортопедия борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ал буйруктун негизинде аталган мекеменин директору Сабырбек Жумабековду ээлеген кызматынан Эмгек кодексинин 77-беренесине ылайык бошоткон.

«Милдеттерди аткаруу профессор, медицина илиминин кандидаты Гулия Кожакматовага жүктөлдү, ал эми Дамир Дүйшөнов башкы дарыгер болду», - деди министр.

Ал дарыгерлердин бардыгы иштей берерин жана аларды эч ким иштен бошотпой тургандыгын кошумчалады.

«Азыр Жумабеков ал менен чогуу дарыгерлер кетет деп жатат. Анын ал жерде иштеген туугандарынан башка эч ким кетпейт. Ал жерде уулу, туугандары иштейт, келини эсепчи болчу, дарыкананы жеңеси башкарчу», - деп айтты ал.

Пикир

Оставить комментарий