• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды жумушка чакырат

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айдоочуларды жумушка алуу 2022-жылы 120 электробустун келишине байланыштуу.

"Биз 2022-жылга айдоочулук тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес "D" категориясындагы айдоочуларды жана троллейбустун айдоочуларын кабыл алабыз. Өз кезегинде, ишкана төмөнкүлөргө кепилдик берет: бекер окуу жана практика, расмий жумуш орду, социалдык пакет, татыктуу эмгек акы", - деп айтылат малыматта.

Маалымат үчүн БТБнын кадрлар бөлүмүнө 0312657590 байланыш номери аркылуу чалыңыздар.

Белгилей кетсек, компаниянын негизги иши - жүргүнчүлөрдү ташуу. Ал эми автобус менен троллейбустун айдоочусу - бул өтө жоопкерчиликтүү кесип, анткени алардын ар бири линияга чыкканда жүргүнчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна жооптуу болушат. Ал эми троллейбустун айдоочусунун кесиби азыркы учурда өтө сейрек кездешет.

Пикир

Оставить комментарий