• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Бишкек троллейбус башкармалыгынын" техникалык кызматкерлерине жумушчу кийимдер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын техникалык кызматкерлери жумушчу кийим менен камсыз болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, техникалык кызматкерлердин коопсуз иштеши үчүн 160 комплект коргоочу кийимдер, бут кийимдер жана чагылдыруучу коопсуздук жилеттери буюртма менен алынган.

"Биринчиден, бирдиктүү форма электр тармагынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган энергетиктерине жана кабелдик операторлоруна берилди. Ошондой эле №1, 2-автобазанын техникалык кызматкерлери: ширетүүчү, инженерлер, электриктер жана механиктер атайын кийим менен камсыз болушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, башкармалыкта 10 цех бар, анда 30 техникалык адис иштейт.

Пикир

Оставить комментарий