• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек туристтердин күзгү саякаты үчүн КМШдагы мыкты шаарлардын рейтингине кирди

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. “ТурСтат” аналитикалык агенттиги Бишкек шаарын КМШдагы күзгү саякат үчүн мыкты шаарлардын катарына киргизди.

Агенттиктин маалыматына караганда, КМШнын шаарларынын рейтинги 2018-жылдын күзүндөгү туристтик саякаттарды анализдөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн.

Минск, Астана жана Баку рейтингде алдыңкы орундарда турушат.

2018-жылдын күзүндө туристтер үчүн КМШдагы топ-10 шаарлар Белоруссиянын Минск шаары, Казакстандын Астана шаары, Азербайжандын Баку шаары, Армениянын Ереван шаары, Өзбекстандын Ташкент шаары, Казакстандын Алматы шаары, Кыргызстандын Бишкек шаары, Молдавиянын Кишинёв шаары, Тажикстандын Душанбе шаары жана Түрмөнстандын Ашхабад шаары болушту.

“ТурСтаттын” маалыматына ылайык, туристтер КМШ өлкөлөрүнө жана шаарларына күзүндө орточо 3 күнгө келип эс алышат.

Россиялык туристтер КМШдагы өлкөлөрдөгү жана шаарлардагы күзгү турларга бир күндө жашоосу жана тамактануусу үчүн 30 доллардан 80 долларга чейин коротушат.

КМШдагы эң арзан күзгү турлар деп Кыргызстанды жана Өзбекстанды тандашат, ал эми дем алыш күнгө тур жана шопинг үчүн Астана жана Бакуну тандашат.

Төмөндө күзгү саякаттар үчүн популярдуу болгон КМШдагы өлкөлөрдүн шаарлары жазылды:

КМШнын 2018-жылдын күз айындагы туристтер үчүн топ-10 шаары

Минск (Беларусь);

Астана (Казакстан);

Баку (Азербайжан);

Ереван (Армения);

Ташкент (Өзбекстан);

Алматы (Казакстан);

Бишкек (Кыргызстан);

Кишинев (Молдова);

Душанбе (Тажикстан);

Ашхабад (Түркмөнстан).

Пикир

Оставить комментарий