• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек вице-мэри «Мадинага» жакын унаа токтотуучу жай маселесин чечүүнү жана 7-апрель көчөсүн жашылдандырууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Борбор шаардын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев муниципалитеттин шаардык кызматтар жана структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте эртеден бери Бишкекте текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Свердлов районунун аймагы вице-мэрдин текшерүүсүндө болот.

Ж.Ырсалиев Чүй проспектисин 7-апрель rөчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгынын абалын жана “Мадина” базарынын айлана-тегерегин текшерди.

Вице-мэр шаардын санитардык тазалоо кызматынын иштери жеткиликтүү эмес экенин белгиледи.

Ошондой эле, Ж.Ырсалиев мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясына коомдук жайларда тартип бузгандарга каршы күрөшүүнү күчөтүүнү, Свердлов районунун акими Мурат Осмоновго “Мадина” базарынын администрациясы менен базардын айлана-тегерегин тезинен тартипке келтирүү, башаламан соода-сатыктан тазалоо, унаа токтотуучу жай маселесин чечүүнү сүйлөшүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий