• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек: Өзгөчө абал кирген күндөн 3-майга чейин эки миңден ашуун кылмыш-жоруктар катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында өзгөчө абал кирген 25-марттан тартып 3-майга чейин жалпысынан 2 миң 93 кылмыш-жоруктар катталды. Анын ичинен 1 миң 903 кылмыш жана жоруктардын бети ачылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде КР ички иштер мининстринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган аралыкта 71 жол унаа кырсыгы катталган. Натыйжада 86 адам жаракат алган.

"Түндө Бишкек шаарында коменданттык сааттын шартын бузган 91 адам кармалды. Алардын 78 - эркек, 13 - аял. 2020-жылдын 25-мартынан 3-майга чейин жалпысынан коменданттык сааттын шартын бузган 3 миң 74 адам кармалган. Алардын ичинен 2 658 - эркек, 416 - аял. Алардын ичинен жашы жете электер - 13, чет өлкөлүк жарандар - 97. Баардыгы болуп 2 миң 778 протокол түзүлгөн. КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 480 протокол түзүлгөн", - дейт ал.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан башташты.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус жуккандардын саны 231ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий