• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек жана Чүй облусунун аймагында көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусунун аймагында көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин «КРнын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй жана Москва райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте көмүр сатуучу түйүндөргө мониторинг жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө көмүрдүн баасын коюлган негизсиз жогорулатканы үчүн 1 субъектиге карата айып пул салынып, мыйзамдын нормаларын бузууну токтотуу боюнча 2 көрсөтмө берилген.

Пикир

Оставить комментарий