• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек жана Чүйдө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. КР УКМК энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында КР жарандары "М.Д.О." жана "A.Н.Р." "Түндүк электр" ААКнын айрым кызматкерлеринин жардамы менен "Түндүк электр" ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, ири өлчөмдөгү электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу боюнча мыйзамсыз иштерди уюштурушканы аныкталган.

2021-жылдын 7-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун (Сокулук районунун Ново-Павловка айылында) аймагында 2021-жылдын башынан баштап мыйзамсыз иштеп жаткан 500 даана майнинг аппарат аныкталган.

“Түндүк электр” ААКнын алдын ала маалыматы боюнча, бул майнинг-фермалардын электр энергиясын уурдоодон келтирген зыянынын суммасы 20 миллион сомго жакын.

2021-жылдын 4-сентябрында да “Бишкек” ЭЭАнын аймагында 200 даана майнинг аппараты бар контейнер табылган

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле мыйзамсыз майнинг ишмердүүлүгүн уюштуруучуларды жоопко тартуу жана “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлеринин электр энергиясын уурдоого катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий