• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек жана Чүйдө унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Тизме

Коом 0

Бишкек, 24.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жакынкы эки күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Нет описания.

Эскерте кетсек, Бишкекте 26-27-майда Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

“Кызматкерлерибиз эки нөөмөттө кызмат өтөйт. Жол коопсуздугун камсыздоого 660 кызматкер жана 180 автоунаа тартылган. Унаа жолдору болжол менен 15-20 мүнөткө убактылуу жабылып турат”, - дейт ал.

Ашырбеков төмөнкү жолдор убактылуу жабыла турганын маалымдады:

- “Манас” аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
- Жибек-Жолу проспектиси, Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
- Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси, Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов проспектилери, Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Чүй проспектиси, Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманова көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

“Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. Жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий