• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек жана Чолпон-Атада Россия кино жумалыгы өтөт

Маданият 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Кабар/. 18-25-августта Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында “Кыргызстандагы Россия кино жумалыгы өтөт”. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чара Адеп, ыйман жана маданият жылына, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган.

17-августта Кыргызстанга белгилүү россиялык кинематографисттер делегациясы келмекчи.

Кино жумалыгынын программасына 6 жаңы россиялык тасма кирген.

Салтанаттуу ачылышы Бишкектеги “Манас” кинотеатрында 18-августта 17:00дө башталат.

Жумалыкты режиссер Дмитрий Киселевдун “Время первых” тасмасы ачат. Ал эми 21-августтан тарта жумалык Чолпон-Атага сапар алат.

Пикир

Оставить комментарий