• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек жана Доха кызматташтыгын активдештирүүгө макулдашты

Саясат 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Доха шаарынын муниципалитетинин директору Джамал Матар Аль-Наими менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылы декабрда кол коюлган Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда бир туугандык байланышты орнотуу жөнүндө макулдашуунун алкагында эки мамлекеттин борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Элчи Нуран Ниязалиев Бишкек шаарынын тарыхы, анын азыркы абалы, соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана борбордун жаңы шайланган мэри Азиз Суракматов тууралуу айтып берди.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда өз ара аракетти, өз ара сапарларды уюштурууну өркүндөтүү боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий