• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек жана Нур-Султан шаарларынын башчылары кызматташтыкка кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Казакстанга иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кулгинов менен жолукту.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, атап айтканда, эки өлкөнүн шаардык муниципалитеттеринин деңгээлинде түрдүү тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды.

Бишкек шаарынын мэри жана Нур-Султан шаарынын акими эки шаардын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо эки тарап үчүн маанилүү экенин толугу менен белгилешип, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Бишкек шаарынын мэриясы менен Нур-Султан шаарынын акимчилигинин ортосундагы 2022-2024-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун жол картасына» кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий