• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек жана Ошто электрондук форматтагы патенттерди берүү боюнча пилоттук долбоор өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. 1-31-июль аралыгында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) патент берүү боюнча пилоттук долбоор өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Аталган чечим салык милдеттенмелерин аткаруу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана ишкердүүлүгүн патенттин негизинде жүргүзгөн ишкер субъектилерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

"Учурдагы ыктыярдуу патенттерди берүүнүн тартиби салык төлөөчүлөрдөн көп убакытты (патент берүү пунктуна келүү, кассадагы жана патент берүү пунктундагы кезек, артка карай жол) талап кылат. Патенттерди кечкисин же иш убактысынан кийин алуу мүмкүндүгү жок. Аталган пилоттук долбоор Бишкек жана Ош шаарларында электрондук патент берүү механизмин апробациялоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында электрондук патент берүү механизмин ишке киргизүүнүн максаттуулугу жана аны баскычтуу кийрүү мөөнөтү тууралуу чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий