• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек жана Ош шаарларында кайрадан чектөө киргизилбейт - Боронов

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында кайрадан чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек, Ош шаарларында карантин режими күчүндө.

"Бүгүнкү күндө карантиндик талаптарды сактабай жаткан учурлар катталып жатат. Ош шаарында жакында эле коронавирус жуктурган 35 учур катталды. Ал бир медициналык мекеменин ичинен чыкты. Илдетке кабылган жарандарды мекемеден чыгарбай, кармап турдук. Коронавируска каршы анализдин биринчисинде оору жок деп көрсөткөн. Бирок экинчи ирет анализ алынганда коронавирус аныкталган. Аларды сыртка чыгарбай кармап, башка жарандар менен байланышты токтотуп калдык", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий