• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек жана Ош шаарларынын кесиптик лицейлеринин окутуучулары электрондук сабактарды иштеп чыгуу боюнча окуудан өтүштү

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларынын кесиптик лицейлеринин окутуучулары электрондук сабактарды иштеп чыгуу боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Крыгызстандын 35 кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуу мугалимдери жана устаттары, ошондой эле Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигине караштуу Республикалык илимий-усулдук борборунун адистерин электрондук окутууга үйрөтүү тренингдери Азия Өнүктүрүү Банкынын экинчи «Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Тренингдер учурунда окутуучулар ExeLearning редактору аркылуу оз алдынча электрондук сабактарды түзүүнү кеңири үйрөнүштү. Бул программа долбоорлоо, окуу жана усулдук маалыматтарды иштеп чыгуу, web-материалдарды даярдоо боюнча окутуучулар менен окумуштуулардын куралы болуп саналат.

“Окутуунун жүрүшүндө ар бир окутуучу көрсөтмөлөрү, иллюстрациялары менен усулдук материалдарды даярдай алышты. Бардык сабактар distant.kesip.kg электрондук окутуу порталына жайгаштырылат. Мугалимдер бири-бири менен кыргыз жана орус тилдеринде электрондук сабактар менен бөлүшө алышат ”, - деп белгиледи АӨБнын электрондук окутуу долбоорунун эксперти Нина Шестакова.

«Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү» Азия Өнүктүрүү Банкынын экинчи долбоору кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун мугалимдерин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында квалификациясын жогорулатуу курстарын өтүүнү пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий