• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августта өтөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 26-августунда өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, шаардын мэри жашыруун добуш берүү менен тиешелүү шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтүнө шайланат.

«Фракциялар жана фракциялардын коалициялары талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы дагы өзүнүн талапкерин сунуштай алат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бул регламент КРнын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамында жазылган. Өз кезегинде жаңы мыйзам долбоору азырынча күчүнө кире элек жана биринчи окууда гана кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий