• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек жана Ошко 100 орундуу эки оорукана курулат. Долбоор даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып баштады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов президент менен болгон онлайн-кеңешмеде маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан курулушка жер тилкеси аныкталып коюлган.

undefined

Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарларына тез курулуучу конструкциядан ооруканаларды куруу боюнча өкмөттүк демилгени колдоого алды. Бишкек шаарынын мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесин дагы иштеп жатканын кошумчалады.

Онлайн-кеңешме өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкууланды.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча ар апта сайын онлайн-кеңешме өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий