• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек жана Ошто халал азыктарына стандарттарды киргүзүү боюнча окуулар өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында халал азыктарына стандарттарды киргүзүү боюнча окуулар өтүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ведомство “КРда халал өнөр жайын өнүктүрүү Концепциясын 2017-2020” ишке ашыруу максатында жергиликтүү калк арасында “халал” стандарттарында адистерди окутуу, аларды иштетүүгө жана сертифакатташтырууга чакыруу иштери жүрүүдө.

КРнын экономика министрилигинин айкалышуу баалоо жана көзөмөлдөө системасы бөлүмү жана Түркиянын премьер-министринин аппараты астындагы өнүгүү жана кызматташуу башкармалыгы (TIKA) биргеликте “Халал өнөр жайына SMIIC стандарттарын киргизүү” темадагы Бишкек шаарында 28-29-апрель жана Ошто 2-3-май күндөрү окуулар уюштурулуп, өтүүдө.

Бул иш-чарага Ислам өлкөлөрүндө стандартташтыруу жана метрология институтунан (SMIIC) жана Түрк стандарт институтунан эксперттер чакырылган(TSE). Ошондой эле мамлекеттик органдардын, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын өкүлдөрү, бизнес-коомчулук жана КРнын коомдук уюмдары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий