• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек жана Оштон Новосибирскке каттоочу аба каттамдарынын жанданышы тууралуу маалымат такталууда

Коом 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. “S7” авиакомпаниясынын “Бишкек-Новосибирск” (жума күндөрү) жана “Ош-Новосибирск” (бейшемби күндөрү) багыттары боюнча аба каттамдарынын жанданышы деген маалымат такталууда. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин элчилик аталган багыттар боюнча аба каттамдар жанданып жатканын билдиришкен.

Ошол эле учурда бүгүнкү күнү “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” авиакомпанияларынын учактары “Бишкек-Москва” багыты боюнча жума күндөрү каттап жатат.

“Россиянын жана Кыргызстандын жарандары (Россия жарандарынын ата-энеси, балдары жана жубайлары; туруктуу жашоого уруксат берүүчү документи бар жарандар; дарыланууга муктаж адамдар россиялык медицина мекемесинин чакыруусу болсо; мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары) белгиленген негиздер боюнча дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү “Аэрофлот” авиакомпаниясынын “Бишкек-Москва” багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп кете алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Россияга учуп кетүү үчүн Кыргызстандын жарандарында ПЧР-тесттин жыйынтыктары болуп, тест акыркы үч күн ичинде жасалган болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий