• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек жана Пекин кызматташууларын бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Бишкек жана Пекин эки жактуу кызматташууларды бекемдеп жатканын Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, учурда БШК депутаттарыныын расмий делегациясы Кытайда жүрөт.

Делегацияны БШК төрагасы Канатбек Мүзүралиев жетектеген. Курамында: Алмазбек Кененбаев, Асылбек Кадралиев, Улан Абдыкадыров, Асель Куламбаева, Жаныбек Абиров, Тимур Тюбеев, Эмил Сыдыков жана Бактыбек Абдиев бар.

Депутаттар Пекинде бир катар ишканалардын ишмердиги менен таанышып, 2004-жылы ачылган шаардык көргөзмө залын көрүп чыгышат. Ошондой эле, шаар куруу планы жана Кытайдын борборунун транспорт тутумун уюштуруу менен таанышышат.

Мындан тышкары, Кытайда Жалпы кытай эл өкүлдөрүнүн төрагасы менен жолугушуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий