• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек жана Рига байланыштарын өнүктүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрынан 13-октябрына чейин Рига шаардык думасынын төрагасынын орун басары Андрис Америкс башында турган делегация Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рига делегациясынын курамына Риганын шаардык парламентинин депутаты, комитеттердин, катуу тиричилик калдыктарын кайра иштеткен компаниялардын өкүлдөрү кирди.

Сапардын алкагында БШКнын төрагасы Жаныбек Абировдун Рига делегациясы, мэр Азиз Суракматов менен жолугушуусу, “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын иши менен таанышуу пландалууда.

Сапардын жүрүшүндө эки өкүлчүлүк органдарынын парламент аралык кызматташтыгынын маселелерин талкуулоо, биргелешкен ишти активдештирүү пландалууда. Анын жыйынтыгында БШК менен Рига шаардык думасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлат.

Бул Рига шаардык думасынын БШКга болгон биринчи сапары.

Ушул жылдын май айында БШКнын делегациясы Рига шаардык думасына барган.

Пикир

Оставить комментарий