• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек жана Римде биргелешкен маданий, илимий иш-чараларын өткөрүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кечээ, 9-ноябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италия Республикасына биринчи расмий сапарынын алкагында Рим шаарынын вице-мэри Сильвия Скоцезе менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев шаарлардын муниципалитеттеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата Бишкек жана Рим шаарларында биргелешкен маданий, илимий жана билим берүү иш-чараларын өткөрүүнү сунуштады. Рим муниципалитетинин зор тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз тарап тарыхий эстеликтерди кылдаттык менен сактоо жана туристерди тартуу тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Рим шаарынын вице-мэри Кыргыз Республикасынын Рим шаарында элчилигинин ачылышын кубаттап, Рим муниципалитети Бишкек менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында италиялык тарапка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин каты, ошондой эле эки борбордун ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча макулдашуунун долбоору берилди жана ага эртерээк кол коюуга ишеним артылды. Бул контекстте кыргыз тарап Рим шаарынын мэри Роберто Гуальтерини дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында аталган Макулдашууга кол коюу үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий