• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек жана Ташкент Кызматташуу жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коет

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бишкек жана Ташкент соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташуу жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коет. Бул тууралуу калаа башчысы Азиз Суракматов менен Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидовдун жолугушуусунда маалым болду.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууга жана эки коңшу өлкөнүн шаарларынын ортосунда карым-катнашты түзүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

Шаар башчысы элчини дайындалышы менен куттуктап, мындан ары жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Эскерте кетсек, 1993-жылы 4-сентябрда Бишкек шаарынын администрациясы жана Бухара шаарынын хокимияты ортосунда кызматташуу жөнүндө, Бишкек шаары жана Самарканд областы ортосунда экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.

1996 жана 2017-жылдары Бишкек шаарынын мэриясы жана Ташкент шаарынын хокимияты ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармакта кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий