• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек жана Тирана мэрияларынын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Албаниянын Кыргызстандагы элчиси Кастриот Робо менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Тирана (Албаниянын борбору) мэрияларынын, ошондой эле республиканын башка шаарларынын муниципалитеттеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Эмилбек Абдыкадыров борбор калаа тууралуу жалпы маалымат, шаардык кызматтардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Албания Республикасынын муниципалитеттери менен келишимдик-укуктук негизи жок.

Пикир

Оставить комментарий