• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБде учурда 250 миң тоннага жакын көмүр бар

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүнкү күндө 247 миң 742 тонна көмүр бар. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, учурда көмүр ташып келүү иштери уланууда.

“Өткөн сутка ичинде ЖЭБ тарабынан 5 млн.750 миң кВт/с электр энергиясы иштелип чыккан. Өлкөнүн ири ГЭСтери жана ЖЭБи үзгүлтүксүз, күнү-түнү иштеп келет”, - деди ал.

Айдаралиеванын маалыматына ылайык, өткөн суткалар ичинде 54 млн.149 миң. кВт/с электр энергиясы иштелип чыккан.

"Бизден иштелип чыккан электр энергиясы “Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасына кетет, ал өз кезегинде жогорку чыңалуудагы тармактарга, андан кийин бөлүштүрүүчү компанияларга таратылат. Бишкек ЖЭБде иштелип чыккан жылуулук жана ысык суу ЖЭБдин аймагындагы “Бишкекжылуулуктармагына” берилет, бул ишкана абоненттер менен иш алып барат", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий