• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдеги авария: Бишкек шаардык сот өкүм чыгарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.08.19 /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Кеңешчү бөлмөдөн чыгып соттор коллегиясы өкүмдү окуду. Сот Биринчи май райондук сотунун Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов жана Узак Кадырбаевге карата чыгарган өкүмүн өзгөртүп, “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААКнын пайдасына 1 млн. 376 миң 682 сом, “Электр станциялар” ишканасынын пайдасына 3 млн. 808 миң 701 сом төлөп берүүнү өкүм кылган. Кадырбаевдин эркинен ажыратылып, абак артында кармалгандыгына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал сот залынан бошотулган. Ал эми Калиев менен Бримкуловго карата Биринчи май райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин коммерциялык жана башка мекемелерде ээлеген кызматын кыянаттык менен колдонуу беренеси боюнча кылмыш иши Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиевге, “Электр станциялар” ишканасынын Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго, “Электр станциялар” ишканасынын мурунку төрагасы Узак Кыдырбаевге, “Электр станциялар” ишканасынын төрагасынын мурунку орун басары Бердибек Боркоевге, ЖЭБдин мурунку директору Өмүркул уулу Нурланга, башкы инженер Нургазы Курманбековго, Улуттук энергохолдингдин директорунун мурунку орун басары Нурлан Садыковго козголгон.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Айбек Калиевди 2 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 100 миң сомго айып салган. Эркинен ажыратуу мөөнөтүн 2018-жылдын 18-апрлинен тартып саналат.

Нурлан Садыков – 2 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 100 миң сомго айып төлөп берет. Эркинен ажыратуу мөөнөтүн 2018-жылдын 19-апрлинен тартып саналат. Садыков сот залынан камакка алынган.

Темирлан Бримкулов – 2 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 100 миң сомго айып төлөп берет. Эркинен ажыратуу мөөнөтүн 2018-жылдын 3-апрлинен тартып саналат.

Узак Кыдырбаев 2 эпизоддун ар бири боюнча 2 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 100 миң сомго айып төлөп берет. Жыйынтыгында 4 жыл эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып төлөп берет. Эркинен ажыратуу мөөнөтүн 2018-жылдын 1-апрлинен тартып саналат.

Бердибек Боркоев 8 жыл эркинен ажыратып, 150 миң сомго айып төлөп берет. Эркинен ажыратуу мөөнөтүн 2018-жылдын 3-апрлинен тартып саналат.

Өмүркул уулу Нурлан 4 жыл эркинен ажыратып, 150 миң сомго айып төлөп берет. Өлкөдөн чыгууга тыюу салуу жазасы алынып, ал сот залынан камакка алынган.

Нургазы Курманбеков 4 жыл эркинен ажыратып, 150 миң сомго айып төлөп берет. Өлкөдөн чыгууга тыюу салуу жазасы алынып, ал сот залынан камакка алынган.

Андан тышкары сот “Электр станциялар” ишканасынын арызын канааттандырган. БТСтин аразы жарым-жартылай канааттандырылган. Сот айыпталуучуларга 3 млн. 212 миң сомду төлөтүү, ал эми 23 млн.сомду кароосуз калтыруу чечимин чыгарган.

Кийин Боркоев, Садыков жана Курманбеков тергөө менен келишим түзүп, өз күнөөлөрүн моюнуна алышкан.

Кийинчерээк Бишкек шаардык сот Садыков менен Курманбековго 300 миң сом айып салуу жана үй камагына алуу чечимин чыгарган. Өмүркул уулу да 300 миң сомго айыпка тартылып, камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы алынган. Боркоевго карата да 300 миң сом айып тагылып, шарттуу түрдө 3 жылдык мөөнөттө 7 жылга соттолгон. Соттун өкүмү окулгандан кийин айыпталуучулар сот залынан кое берилген.

Пикир

Оставить комментарий