• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдеги авария: Бизнес-планды түзүүдө оңдоолор гана болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жылуулук электр борборунда болгон авария боюнча соттук иш бүгүн каралууда. “Электр станциялары” ишканасынын мурунку жетекчиси Узак Кыдырбаевден сурак алуу уланууда.

Кыдырбаев билдиргендей, ал келгенге чейин эле имараттарды жана башка объектилерди оңдоп-түзөөгө каражаттар бөлүнгөн. Аны кызматка дайындагандан кийин кеңселердин өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, дагы эмнелер керек экендиги аныкталган. Ошого байланыштуу бизнес-планга оңдоолор киргизилген.

“Жетекчи жана анын орун басарлары баш болгон комиссия түзүлгөн. Өзгөчө сунуштар турбина цехинен келип түшкөн. Көбүнчө душтарды оңдоп-түзөө тууралуу айтылып, планга оңдоолор киргизилип, иштер аткарылган”, - деди Кыдырбаев.

Эскерте кетсек, былтыр 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козголгон.

Пикир

Оставить комментарий