• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча иш: Соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда калаадагы Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авария боюнча кезектеги отурум болгон жок.

Отурум жактоочулардын келбегендигине байланыштуу 2-июлга жылдырылды.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий