• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдеги авария: Дагы бир айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.19 /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Жыйын Өмүркул уулу Нурландын күнөөсүн мойнуна алуу боюнча өтүнүчүн кароо менен башталган.

Өмүркул уулу Нурлан өз күнөөсүн мойнуна алган. Өзүнүн туугандары аркылуу УКМКнын эсебине 150 миң сом киргизген. Келишим так аткарылса, ага карата айып санкциялары колдонулат.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий