• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек ЖЭБдеги авария: Депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча токтом кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Кечээ, 17-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

3-күнү каралып жаткан бул маселе боюнча талкууда депутат Дастан Бекешев депутаттык комиссия насыялык каражат рационалдуу пайдаланылдыбы же жокпу деген суроого так жооп бериши керек эле дейт. Ал эми депутат Акылбек Жапаров бул маселе үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин сотко өткөрүлбөсө элдин бийликке болгон ишеними төмөндөөрүн эскертти. “Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо тендер өткөрүлбөй Кыргызстандын мыйзамдарынын бузулушуна жеке кызыкчылыктар болгонбу же жалпы кызыкчылыкпы – ушул жагдайды укук коргоо органдары иликтеп, ачыкка чыгарышы керек”,- дейт депутат Чыныбай Турсунбеков.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев каралып жаткан депутаттык комиссиянын корутундусу менен Жогорку Кеңештин талкуусунун жыйынтыгын (токтом түрүндө) КР Президентине жөнөтүүнү, ал жерде бул маселе Коопсуздук кеңешинин талкуусуна коюлушун сунуш кылды. Ошону менен катар М.Абдылдаевдин экинчи сунушу акыркы 10 жылда сырттан алынган насыяларды текшерип чыгуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүү болду.

Парламенттин тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев өз маалында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түзүлгөн келишим боюнча тармактык комитеттин сын-пикирлери эске алынбагандыгын эске салып, бул маселеге Кытай тарапты дагы маалымдар кылып ар тараптуу иликтөө менен чекит коюу зарылдыгын айтты.

Бир катар эл өкүлдөрү резонанс жараткан ЖЭБди модернизациялоого каралган каражат жана анын натыйжасыз пайдаланылышы боюнча укук коргоо органдары тыкыр иликтөөгө алышы керектигин, муну менен кийинки мамлекеттик аткаминерлерге сабак болоорун баса белгилешти. Ошону менен катар иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссияга ыраазычылыктар айтылды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды. Анда депутаттык комиссиянын корутундусундагы маалыматтарга КР Эсеп палатасы аудит жүргүзүү, корутундудагы маалыматтарды укук коргоо органдарына иликтөөгө берүү, долбоорду ишке ашырууда уурдалган каражаттарды ордуна келтирүү жана башка маселелер камтылган.

Пикир

Оставить комментарий